Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы

Жалал-Абаддагы дин кызматкерлери Ханафий мазхабы боюнча өз билимдерин жогорулатышты
«Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» деген теманын алкагында региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутуу семинарынын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык имамдарга Муфтият тарабынан даярдалган бирдиктүү …
Ноокен районунун баш имам хатиби карыялардан кабар алууда
Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов Бүргөндү айыл аймагына караштуу Кочкор-Кыштак айылынын тургуну Алимжан аксакалдын ал-абалынан кабар алышып, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жана акчалай жардамын тапшырды. Кайрымдуулук саамалыгына райондук хатибият кызматкерлери катышып, Алимжан аксакалдын …
Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» борбордук мечити 20 тонна көмүр менен камсыздалды
Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» борбордук жума мечити кышка карата даяр. Бул боюнча аталган шаардын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Шаар хатибинин  айтымында үстүбүздөгү жылдын 4 кварталына карата түзүлгөн иш мерчемде кышка карата …
Жалал-Абад казыяты 9 айдын жыйынтыгын чыгарды
Жалал-Абад казыятынын жыйындар залында  үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Отчеттук жыйын алкагында район, шаардын баш имам хатибдеринин III-кварталдагы отчетун угуу, 9-ай ичинде аткарылган иш чараларга анализ жасоо маселелери каралып, район жана …
Жалал-Абаддагы дини окуу жайларды облустук казыят  текшерип чыкты
  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык казыяттын окуу бөлүм адиси Арпидин ажы Жороев облус аймагындагы диний окуу жайлардын 2018-2019-жылдагы жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен жеринен таанышып кайтты. Арпидин ажы Жороев …
Жалал-Абад казыяты жаңы окуу жылына көрүлгөн даярдыктарды текшерди
Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында казынын орун басары Алибек ажы Батыралиевдин жана облус аймагына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчыларынын катышуусунда август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде 2018-2019-окуу жылына карата даярдыктар, абитуриенттерди кабыл …
Жалал-Абадда айт намазы борбордук “Эркиндик” аянтында окулду
Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында курман айт намазы окулуп, ага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович, Жалал-Абад …
Базар-Коргон районунда айт намазы Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан борбордук аянтта окулуп, учурда даярдыктар башталды
Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жана хатибияттын  эсепчиси Таир ажы Абдрахманов Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын  орун басары Тилекеев Каныбек Аттокурович менен жолугушту.  Эки тараптуу жолугушууда курман айт намазын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан …

 


Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: