Жалал-Абад казыяты 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Жалал-Абад казыятынын жыйындар залында  үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Отчеттук жыйын алкагында район, шаардын баш имам хатибдеринин III-кварталдагы отчетун угуу, 9-ай ичинде аткарылган иш чараларга анализ жасоо маселелери каралып, район жана шаардын баш имам хатибдеринин отчеттору угулду.

“Ар бир райондук хатибке 10 мүнөттүк убакыт берилип, андан соң, 9 ай ичинде жасаган иштери боюнча, 2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, КМДБнын, казыяттын буйрук, чечимдерин жана фатвалардын аткарылышы боюнча анализ жүргүзүлдү”,-деди облус казысы Аблудазиз каары Закиров.

Жыйындын жүрүшүндө казыят кызматкерлери 9 ай  ичинде казыяттын бөлүмдөрү тарабынан  аткарылган иш чаралар боюнча маалымат беришип, 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчет  “канаттандыраарлык” деп бааланды.  Ал эми облустун казысы Абдулазиз кары Закиров мындан ары иш чараларды активдүү уюштуруу керектигин баса белгилеп, азан убактысына көңүл бурууга жана ар дайым жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Эскерте кетсек, отчеттук жыйынга облустун казысы, казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык район, шаардын баш имам хатибдери катышышты.