Базар-Коргон районунда айт намазы Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан борбордук аянтта окулуп, учурда даярдыктар башталды

Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков жана хатибияттын  эсепчиси Таир ажы Абдрахманов Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын  орун басары Тилекеев Каныбек Аттокурович менен жолугушту.  Эки тараптуу жолугушууда курман айт намазын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан борбордук аянтта окуу тууралуу маектешип, Каныбек Аттокурович айт намазынын аянтта окулушуна каршы эместигин билдирди.

Мындан тышкары райхатиб ушул эле күнү Базар-Коргон райондук ардагерлер  кеңешинин төрагасы  Абдуваид Тойчиев менен жолугуп, ардагерлер кеңешинин төрагасы айт намазын райондук хатибият менен бирге жогорку деңгээлде өткөргөнгө даяр экендигин билдирди.

Курман айт намазы Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан борбордук аянтта окулуп, учурда даярдыктар башталды. Муну менен катар  майрамдык маанайды жакшы өткөрүү үчүн имамдарга тиешелүү тапшырмалар берилди,-деди райондун баш имам хатиби.