Ош шаарынын мусулмандар казысы

Сарыбаев Убайдилла Султанбаевич-11-декабрь 1968-жылы Ош шаарындагы Тээке айылында  дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.  1977-1985-жылдары Ош шаарындагы «Кеңеш» мектебинде 8-классты ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле жылы Кадамжай районундагы кесиптик техникалык окуу жайына тапшыры, 1987-жылы айдоочу-электирик кесибине ээ болгон. 1987-1989-жылдары Масквада Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, старшина макамын алган. Сарыбаев Убайдилла Султанбаевичтин атасы илимдүү, аалым-молдо болгондуктан алгачкы билимди өз атасынан алган. Армиядан келенден кийин ошол илимди улантуу үчүн белгилүү дин аалымы Шакир ажыдан  «Хужра» тартибинде билим алып, 1993-1997-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» атындагы институтунда алгачкы бүтүрүүчүсү болгон. Сарыбаев Убайдилла Султанбаевич  учурда Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юридикалык колледжинде 2 курсунда өз билимин улантууда. Муну менен катар ал коомдук жана гуманитардык билимдер институтунун 1 курсунун студенти.

Сарыбаев Убайдилла Султанбаевич  эмгек жолун 1989-жылы Тээке айылдык мечиттин башкы имам хатиби болуудан баштаган. 2003-2006-жылдары Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүнүн башкы имам хатиби болуп дайындалган. Ал эми 2006-жылы Ош шаарындагы «Али Аль Байт» мечитинде башкы имамы кызматын аркалап, ошол эле учурда КМДБнын көзөмөл комиссиясынын 1-орун басары болуп эмгектенген.  2008-жылдан тарта Ош шаарынын «Сулайман Тоо» борбордук мечитинин башкы имам хатиби болуп дайындалып, ошол эле кезде КМДБнын Ош шаарындагы көзөмөл комиссиясынын төрагасы болуп кызмат өтөгөн. 2010-жылдын 26-июлунда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары. Ошол эле учурда Муфтийдин түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп эмгектенген. Учурда Ош шаарынын мусулмандар казысы жана «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын окуу борборунун мүдүрү.

Араб, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт

Учурда төрт уул, эки кыздын атасы

Ош шаардык мусулмандар казыятынын түзүмү

Аты-жөнү Кызматы Телефону
1 Сарыбаев Убайдулла Султанбаевич Ош шаарынын казы Кабылдама

03228-66-08

2 Ташхужаев Анасхон Жалалиддинович Шаар казысынын орун басары
3 Матиев Жанарбек Маметкеримович Иш башкармалыгы
4 Надыров Билалидин Кожокелдиевич Бухгалтер-кассир
5 Мисратулла уулу Мухаммет Үгүт-насаат жана билим берүү адиси
6 Абдурахманов Абдилазиз Токтосунович Чарба курулуш жана мечиттер адиси
  7 Абдыраимов Канатбек Маманович Кадр, катчы, маалымат адиси

 

Ош шаары,  Масалиев проспектиси №22

E-mail: oshkaziyat-2015@mail.ru

 


Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: