Ноокен районунун баш имам хатиби карыялардан кабар алууда

Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов Бүргөндү айыл аймагына караштуу Кочкор-Кыштак айылынын тургуну Алимжан аксакалдын ал-абалынан кабар алышып, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк жана акчалай жардамын тапшырды. Кайрымдуулук саамалыгына райондук хатибият кызматкерлери катышып, Алимжан аксакалдын жашоо-турмушу менен жеринде таанышышты.

Бүргөндү айылынан топтолгон фитир-садакадан жана орозо айт, курбан айт күндөрү Алимжан карыяга жардам берилип турат. Ошондой эле мезгил-мезгили менен кабар алып, муктаждыктары болсо жардам берилет,-дейт райхатиб.

Эскерте кетсек, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы Маматаев Эркинбек Садирбекович 2018-жылдын 15-сентябрынан 15- октябрга чейин район аймагында  карыялардын айы  жарыяланган.