Жалал-Абадда айт намазы борбордук “Эркиндик” аянтында окулду

Жалал-Абад шаарынын борбордук “Эркиндик” аянтында курман айт намазы окулуп, ага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Абдыкарович жана бир топ жетекчилер, казыят кызматкерлери, депутаттар катышты. Аянтка  жалпысынан  он миңге жакын эл чогулуп, айт намазын окуу менен дин аалымдарынын баяндарына жана бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоолоруна күбө болушту. Курман айт Руслан Маматжановичтин Куран окуусу менен башталса, курман айттын жүрүшүн Хаджибеков Абдиназар алып барып, алгач программага ылайык Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов  тазалык, жемкорлуктун шариаттагы орду, ынтымак, биримдик тууралуу баян кылды. Андан кийинки куттуктоо үчүн сөз бийлик өкүлдөрүнө берилип, мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүп-өсүшүнө, ар дайым ынтымак, биримдик, ыймандуулукта болушуна тилектеш экендигин билдирүү менен  Ислам дининин баалуулуктарына, тазалыгына маани беришип, ар кандай агымдарга кирип кетпей, туура жолду тутунуу керектигин баса белгилеп өтүштү.

Ал эми Жалал-Абад облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев айт майрамын кантип майрамдоо керектигин коомчулукка түшүндүрүп, айт намазынын тартибин айтуу менен жалпы элге кайрылып Азирети Мфтийдин  жана Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Закиров Абдулазиз карынын куттуктоосун билдирди.

Бул күнү Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык жума окулчу мечиттерде, айрым район-шаарлардын борбордук аянттарында  айт намазы окулуп, майрамдык маанай уланды.