Жалал-Абаддагы дин кызматкерлери Ханафий мазхабы боюнча өз билимдерин жогорулатышты

«Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» деген теманын алкагында региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутуу семинарынын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы бардык имамдарга Муфтият тарабынан даярдалган бирдиктүү жума хутбасы китеби таратылды. Жума хутбасы китеби имамдар үчүн колдонмо курал катары даярдалып, анда бардык темалар каралган.

«Албетте, окутуу иш чарасынын алкагында имамдарыбыз Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча абдан терең маалыматтарга ээ болушуп, бир топ суроолорду беришти. Биз тиешелүү жоопторду бердик. Мындан тышкары, мындай окутуу иш чарасын 2019-жылга карата иш планыбызга киргизебиз», — деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Эске салсак, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы окуу курсу үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында башталган болчу.