История ДУМК

Өлкөбүздүн Дин Башкармалыгы кече жана бүгүн

Эгемендүүлүккө чейинки Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы жөнүндө маалымат.

Мамлекетибиз өз алдынча эгемендүүлуктү алганга чейин Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын башкармалыгы Ташкентте Муфтият болуп турган. Ал эми Орто Азиянын бизге окшош мамлекеттери Казыят болуп аталган. Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Диний башкармасынын бир бир бөлүгү болуп эсептелген, Кыргызстан мамлекетинде да Казыят болуп, анын башчысы Казы деп аталган. Ошол учурда биздин Кыргызстанда көп аалымдарыбыздын насиб буйругандары казылык милдеттерин аткарып келишкен. Алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Казыят эң биринчи жолу 1943-жылы түзүлгөн. Кыргызстандагы мусулмандардын Казысы болуп төмөндөгү адамдар кызмат өтөшкөн:

1. Шакир кожо уулу Алимхан төрө

2. Жээнбек уулу Мусулманкул ажы

3. Назарбек уулу Максыт ажы

4. Абдуллажан максым Абдулахунов

5. Парпиев Мамасали ажы

6. Орунбаев Темирбай ажы

7. Камалов Садыкжан кары

8. Абдурахманов Кимсанбай ажы

Мезгилинде Казылардын катарына Казылар сыяктуу даражада Кыргызстан мусулмандарына кызмат кылган Шабдан уулу Кемел молдону жана Калыкназар уулу Шапат ажыны айтып келишүүдө. Бул инсандар өз доорунда Кыргызстан мусулмандарынын Казысы болуп иштешкен. Бул маалыматтар бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашап, азыркы күндө да, ислам динине өз салымдарын кошуп келе жаткан аксакалдардан алынды. Маалыматтардын так жана архивдик материалдары болбогондуктан, бул Казылардын кайсы жылдары жана канча иштегендери жөнүндө муфтияттын архивинде да так маалыматтар сакталып калган эмес.

Мамлекетибиздеги мусулмандардын 1-Курултайы 1991-жылы өтүп, Кимсанбай ажы Абдурахманов Азирети Муфтийлик кызматына шайланган. Андан кийинки Курултай 1996-жылы 26-декабрда өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи болуп Молдо Абдусаттар Мажитов шайланган. Молдо Абдусаттар аксакал өтө билимдүү аалым, кичи пейил, көп шакирттерди тарбиялаган жөнөкөй киши болгон. 2000-жылдын 8-апрелиндеги Уламалар Кеңешинин жыйынында өз арызынын негизинде сый-урмат менен ардактуу эс алууга чыгарылган. Анын ордуна Кимсанбай ажы Абдурахманов Азрети Муфтий болуп шайланып, кызматта 2 жыл 4 ай иштеген. 2002-жылы 10-август күнү Уламалар Кеңешинин жыйынында Мураталы ажы Жуманов Азрети Муфтий кызматына шайланган. Азрети Муфтийдин кызматында 2012-жылга дейре иштеген. 2010-2012-жж. Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи болуп иштеди.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын негизги курамы төмөндөгүдөр:

1. Азирети Муфтий

2. Муфтийдин орун басарлары ( Наиб муфтийлер)

3. Аппарат жетекчилиги

4. Аппараттын иш башкармалыгы жана чарбалык, курулуш иштер бөлүмү

4. Аппараттын катчылык жана кадр бөлүмү

5. Башкы бухгалтер

6. Фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү

7. Даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмү

8. Окуу бөлүмү

9. Маалымат бөлүмү

10. Ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмү