Отдел фатвы

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери бөлүмү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Бакшармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү ар күнү жарандардын суроолоруна жооп берип, тиешелүү шарияттык маселелерге фатва берип келет. Муну менен катар фатва бөлүмү китептерди чыгарып, дин кызматкерлерине колдонмо курал катары тартуулап келет.  КМДБнын фатва бөлүмү “Экстремизмге каршы күрөшүү”, “Хутбалар”, “Маркумду акыркы сапарга узатуу”, “Көбүрөөк бил”, “Ар бир адамдын ызаат менен жерге берилүү укугу”, “Хутбалар жыйнагы”, “Имадын китепчеси” жана дааватчылыр үчүн “Ислам чакырыгы” аттуу китептери чыгарууга жетишти. Ошондой эле Муфтияттын фатва бөлүмү республиканын аймагындагы дин кызматкерлерине бирдиктүү жума хутбаларын даярдашып, жыл башында казыяттарга жиберип турушат. Муну менен катар шарияттагы ар кыл маселелер боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалымат беришип, Ислам дининин баалуулугун жайылтууда жана Ханафий мазхабын бекемдөөдө иш алып барат.

КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери бөлүмүнүн башчысы Эратов Равшан Ташболотович
КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери бөлүмүнүн башчысы Эратов Равшан Ташболотович

КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери бөлүмүнүн башчысы Эратов Равшан Ташболотович

Билими:

1992-1994-жж – Маргалаң шаары, Саид Ахмад медресеси;

1994–1997-жж – Баткен облусунун Айдаркен шаарынын Али медресеси;

1997 – 2001-жж – Пакистан, Лахор ш “Арабия” университетинин “Шарият” факультети.

Бөлүм башчынын кызматтык милдеттери:

1) Шарияттык суроолор боюнча консультация, фатваларды берүү.
2) Үй-бүлөлүк талаш тартыш маселелерге шарияттын негизинде жооп берүү.
3) Эл ичиндеги шарияттын талаштуу маселелерине түшүнүк берип, бир багыттуу чечим чыгаруу.

4) Фитр Садака, Зекет маселелери боюнча фатва даярдоо.
5) Ислам календарын текшерүү.
6) Ислам багытындагы диний китептерди жана журналдарды текшерип, баа берүү.
7) Ар түрдүү агымдардын салттуу ислам динибизге дал келүүсүн аныктоо.
8) Облустук фатва бөлүмдөрүн көзөмөлгө алуу.
9) Дин агартуу максатта диний лекцияларды окуп берүү.

Фатва бөлүм катчысынын кызматтык милдеттери:

1) Фатва бөлүмүнөн чыгарылган фатваларды жана каттарды жазып даярдайт.

2) Фатва бөлүмүнө суроо боюнча кайрылгандарды каттоодон өткөзөт.

3) Фатва Бөлүмүнүн астында штаттан сырткары түзүлгөн Шарият Кеңешинин отурумдарына катчы болуп жыйналыштын протоколун жазат.

4) Ислам багытындагы диний китептерди жана журналдарды текшерип, баа берет.

5) Муфтияттын электрондук почтасына түшкөн суроолорго фатва бөлүмүнүн адистери менен кеңешип жооп берет.

Кыргызстандагы жума окулчу жалпы мечиттерге бирдиктүү жума хутбаларын казыяттардын электрондук почталарына жиберет.