Закиров Абдулазиз Назирбекович—1979-жылы 29-апрелде Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган.
Билими: жогорку
Тил билүүсү: кыргыз тили, араб тили, түрк тили
Үй-бүлѳлүк абалы: үй-бүлѳлүү, үч уул, бир кыздын атасы
Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:
1986—1994-ж.ж. Чүй областынын Панфилов районундагы Чалдовар айылындагы Захарченко атындагы №1 орто мектебинде окуган
1994-1998-ж.ж. Туркия мамлекетинин Станбул шаарындагы «Чамлыжа» хафздык куран курсунда студент
2002-2005-ж.ж. Аламүдүн районундагы Кѳк-Жар айылындагы «Абу Бакр Ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, Абу Бакир мечитинин имам хатибинин орун басары
2005-2008-ж.ж. Аламүдүн районунун баш имам хатиби
2008-2011-ж.ж. Чүй облусунун мусулмандар казысынын 1-орун басары
2011-2013-ж.ж. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун баш имам хатиби
2012-ж. КМДБ Уламалар кеңешинин мүчѳсү
2013-жылдан тарта Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы болуп иштеп келүүдө. Ал эми КМДБнын Азирети муфтийинин 01-июнь 2017-жыл №124 буйругу менен кайрадан облус казысы болуп дайындалган.
Сыйлыктары:
2005-ж. Абдулла ибн Аббас медресесинде Куран конкурсунун жеңүүчүсү, 2015-ж. КМДБнын Азирети муфтийинин алкыш баракчасы, бир нече ыраазычылык каттардын, алкыш баракчалардын ээси, аймак, облустук коомдук-саяий гезитинин редакциясы тарабынан 2017- жылдын мыктысы номинациясы ыйгарылган.