Жалал-Абад казыяты жаңы окуу жылына көрүлгөн даярдыктарды текшерди

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында казынын орун басары Алибек ажы Батыралиевдин жана облус аймагына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчыларынын катышуусунда август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеде 2018-2019-окуу жылына карата даярдыктар, абитуриенттерди кабыл алуунун абалы, өткөн окуу жылында кетирилген кемчиликтерди жоюу, ачык сабактардын ырааттамасы, өрт коопсуздугун алдын алуу, студенттердин жүрүм-туруму, билим сапаты, мугалимдердин чеберчилиги,  иш кагаздарды тартипке келтирүү, мугалимдердин жана студенттердин өздүк көктөмөлөрүн ыратташтыруу, медреселерди оптималдаштыруу, мүдүрлөрдүн, окуу бөлүм башчылардын жана уюштуруучулардын иш, календардык жана куратордук пландарын  өз убагында бекиттирүү маселелери каралып жаңы окуу жылга карата сунуштар, пикирлер айтылды.