Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүгүн, 20-октябрда Сулайман-Тоо мечитинде Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүгүн, 20-октябрда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, «Гыйбат жана доомат» темасында баяндамасын жасап берди. Жолугушуу учурунда Чубак ажы Жалилов шаар тургундарын ынтымактуу, биримдиктүү болууга чакырды. Ал эми Ош шаарынын мусулмандар казысы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсүнө өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, шаардык казыяттын атынан ыракматын айтты.