Ош шаарынын мусулмандар казысы Ош мамлекеттик университетинин студенттерин терс диний агымдардан оолак болууга чакырды

Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош мамлекеттик университетинин бизнес, менеджмент жана юридикалык факультеттеринин студенттери менен жолугушуп, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо жана биримдик жөнүндө баяндамасын жасап, күнүмдүк жашоодо адептүү жана ыймандуу болууга чакырды.  Муну менен катар шаар казысы студенттерди терс диний агымдардан оолак болууга чакырып, кандай гана маселе жаралбасын дин аалымдарынан кеңеш сурап, казыятка кайрылуу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек: Студенттер менен шаар казысынын жолугушуусу  ОшМУнун демилгеси менен өткөрүлдү.