Ош шаардык казыяты Козу кызы Бурмакан кыздар медресесин жеринде текшеришти

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаевдин буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы бүгүн, 18-октябрда Козу кызы Бурмакан кыздар медресесин жеринде текшеришти. Текшерүү иш чарасына Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, шаар казысынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев, Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул Осмонов, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы А. Абдурахманов катышып, диний окуу жайдын азыркы абалына жана шартына көңүл бурушту.

Текшерүү учурунда комиссия курамы Козу кызы Бурмакан кыздар медресеси азыркы шарты талапка жооп бере тургандыгын жана ошондой эле өрткө каршы бардык жабдуулар бар экендигине күбө болушту. Ал эми мугалимдердин өз өзүнчө бөлмөлөрү орун алып, бардыгы  техникалык жабдуулар менен камсыздалыптыр. Билим алып жаткан окуучу кыздардын жатаканалары толугу менен талапка ылайык. Ал эми кышка даярдыгы жакшы,-деди казыяттын маалымат катчысы Канатбек Абдыраимов.