Дин кызматкерлери Ош шаарындагы жоокерлер менен жолугушуп, «Мекенге кызмат кылуу-ыйык милдет» аталышындагы лекция окушту

Кечээ, 20-сентябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын №2065 аскер бөлүгүнүн командири Э.Т.Кутмановдун башчылыгында офицерлерге жана аскер кызматкерлерине «Мекенге кызмат кылуу-ыйык милдет» аталышындагы лекция окулду.  Бул күнү дин кызматкерлери мекен сакчыларынын ата-мекен алдындагы ак кызматтары эбегейсиз соопту иш экендигин айтышып, Ислам дини тынчтыктын, ынтымак менен биримдикке, достук менен туугандыкты бекемдөөгө чакырган дин экендигин белгилешти. Муну менен катар дин кызматкерлери рекетчилик, талап-тоноочулук, үстөмдүк кылуу, өзүнүн өмүрүнө кол салуу темаларында дагы баяндама жасашып, бул иштердин бардыгы Жараткан Алла Таалага жакпаган иштерден экендигин баса белгилешти. Жоокерлер менен болгон жолугушуу  иш чарасы мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаардык казыятынын Ак-буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул каары Осмонов, Ош облусунун акыйкатчысы жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери катышышты.