Ош шаардык мусулмандар казыяты «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселерин жеринде текшеришти

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаевдин буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы  22-25-октябрь күндөрү  «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» медреселерин жеринде текшеришти. Диний окуу жайларды текшерүү иш чарасына Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, шаар казысынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз ажы Абдурахманов, казыяттын бухгалтери Б.Надыров катышып, окуу жайлардын абалына жана шартына дыкат карашты. Комиссия курамы «Умму Мухаммад» жана «Сулайман-Тоо» диний окуу жайларынын азыркы шарты бардык талапка жооп бере тургандыгын жана ошондой эле өрткө каршы бардык жабдуулар, мугалимдердин өз өзүнчө бөлмөлөрү орун алып, бардыгы  техникалык жабдуулар менен камсыздалгандыгына күбө болушту. Ал эми билим алып жаткан окуучу балдардын жатаканалары толугу менен талапка ылайык.

Муну менен катар шаарказысы Убайдилла ажы Сарыбаев мындан ары диний билим берүүнүн жана билим алуунун сапатын жакшыртуу максатында окуучуларга жана медресенин мугалимдерине Исламдагы жүрүм турум жана адеп ахлак боюнча баядамасын жасап, каралган шарттарды мындан дагы жакшыртуу керектигин билдирди.