Ош шаардык казыяты шаардагы диний окуу жайларды текшере баштады

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаевдин буйругу менен 2017-2018 жылга карата шаардагы диний окуу жайлардын абалын, шартын жана кыш мезгилине даярдыгын текшерип чыгуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, текшерүү «Саида Хадича» кыздар медресесинен башталды.

«Саида Хадича» кыздар медресесине түзүлгөн шарт жакшы экендигине күбө болушкан комиссия курамы диний окуу жайга жакшы бааларын беришип, ошол эле учурда кышка карата көмүрдүн түшө электиги боюнча 1 ай мөөнөт беришти.

Өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын кызматтар менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат экен. Бул абдан жакшы көрүнүш. Студенттердин окуу тармагында бардык шарттар түзүлүп, материалдык жана техникалык базалары жакшы экендигине күбө болдук. Ал эми кыш мезгилине даярдануу боюнча 1 ай мөөнөт бердик,-деди Ош шаардык казыяты тарабынан түзүлгөн комиссия курамы.

Бул күнкү текшерүү учурунда шаар казысы «Саида Хадича» кыздар медресесин окутуучу курамы менен жолугушуп, мугалимдин этикасы, билим берүү системасын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берсе, билим алып жаткан студенттерге адеп-ахлак, аялдын  коомдогу орду жана билим алуудагы артыкчылык боюнча баяндамасын жасады.