Катар кайрымдуулук уюму Сузак районундагы Кыржол айылына заманбап фельдшердик-акушердик пунктту пайдаланууга тапшырды

Бүгүн, 25-октябрь күнү Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кыржол айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт ишке берилип, саамалыкка КР ЖК депутаты Музаффар Исаков, “Qatar Charity” уюмунун кыргызстандагы мүдүрү доктор Усама Турабий, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Кыржол айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен “Ассанабил” ККФ тарабынан курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлгөн. Анда жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү бөлмө, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары имамраттын ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары-дармек сактоочу аппараттары сыяктуу керектүү шаймандары дагы аталган уюм тарабынан камсыздалган.

2017-жылдагы Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен 9 медклиника курулуп, бүгүн эң акыркы объект колдонууга берилди. Албетте, бул долбоор мындан ары дагы уланып, дагы көптөгөн муктаж конуштарга жаңы имараттар курулат,-дейт “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлү Рахматулла Мухаммед. 

Ал эми Сузак районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борбурунун жетекчиси Орунбаева Замира Чойбековна мындай фельдшердик-акушердик пункттардын болуусу учурдун талабы экендигин айтып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт, –дейт Сузак райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбурунун жетекчиси Орунбаева Замира.