Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Таластагы Али ибн Аби Толиб медресесинин студенттерди менен жолугушуп, билим берүүнүн маанилүүлүгүн айтып берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана адал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Талас районунун Кум-Арык айылындгы Али ибн Аби Толиб медресесинин студенттерди менен жолугушту. Студенттер менен жолугушуу учурунда Равшан ажы Эратов билим алууга умтулган жаштар мекенибиз үчүн кызмат кылып, ар тараптуу өнүгүүдө өз салымын кошо тургандыгына тилектештигин билдирди. Муну менен катар КМДБнын фатва бөлүм башчысы студенттерди билимди терең алып, мамлекеттик символдорду жакшы өздөштүрүү менен кошумча кесиптик билим берүү курстарына активдүү катышууга чакырды.

«Студент өзүнүн тажрыйбасын ар тараптуу бекемдеши керек. Ошол эле учурда өзүн жакшы алып жүрүп, сабак алууда дайыма кызыгуусун жогорулатышы керек. Муну менен катар ал башкаларга үлгү болуп, кандай гана кесиптин ээси болбосун ал өзүнүн алып жаткан тармагындагы билимин жогорку деңгээлде билүүсү маанилүү»,-деди Равшан ажы Эратов.