Таластагы имамдар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын окуудан өтүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана адал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Талас облусундагы жалпы дин кызматкерлери менен жолугушуп, «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аттуу бир күндүк окуу семинарын өткөрдү. Семинар алкагында Равшан ажы Эратов Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалымат берип, алардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле имамдарга этиканы сактоо, ысырапкерчиликке бөгөт кою жана балдардын терс жолдорго түшүп кетпөөсү үчүн ыйман, жүрүм-турум жана ата-эне боюнча маалымат берүүлөрү учурдун талабы болуп тургандыгын айтып өттү. Муну менен катар КМДБнын фатва бөлүм башчысы адам сатуу боюнча маалымат берип, бул жаатта коомчулук арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирди.

Ар бир адамдын өзүнүн өмүрү өзүнө кымбат экендигин бардыгыбыз жакшы билебиз. Келечегибиз үчүн адам сатууга каршы туруп, укук коргоо органдары менен түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туралык,-деди Равшан ажы Эратов.

Дин кызматкерлерине уюштурулган окуу семинарынын акырында жалпы имамдарга «Жума хутбасы» китеби таратылып, бул колдонмо курал экендигин жана анда бардык суроолорго жооптор камтылгандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аттуу окуу семинары аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында уюштурулууда.