Ошто «Абдыжапар» Ислам институтунун кышка карата даярдыгы текшерилди

Бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят жамааты Кара-Суу районунун Фуркат айылында жайгашкан «Абдыжапар» Ислам институтунда болушуп, окуу жайдын кышка карата даярдыгы жана окуу процесстеринин жүрүшү менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө институттун ректору Нурбек кары Орунбаев окуу жайда жүрүп жаткан курулуш иштери, кышка карата көмүр менен камсыздоо жана жаңы окуу жылындагы кабыл алынган студенттер боюнча маалымат берди.

Окуу жайыбыздын курулгандыгына көп жыл болгондуктан, акыркы учурда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты. Андыктан өзүбүз аракет кылып, демөөрчүлөрдү табуу жолу менен балдардын окуу класстарын жана жатакана бөлмөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүп жатабыз. Студенттердин окуусуна жетиштүү деңгээлде талаптагыдай шарттарды түзүү максатында окуу корпустун эшик-терезелерин сапаттуу пластиктен жасаттык. Мындан сырткары коридорлор заманбап үлгүдө жасалгаланып, атайын шкафтар жана ар бир бөлмөгө жаңыдан керебеттер сатылып алынып берилди. Буюрса кышка карата бөлмөлөрдүн ичин жылуулап,  көмүр менен жылытуу системасын жолго коюп жатабыз. Муну менен эле чектелбестен студенттердин спорт менен машыгуусуна жана эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерди көрүп жатабыз, –деди Н.Орунбаев.

Текшерүү ишинин жыйынтыгында облус казысы Самидин кары Атабаев окуу жай жетекчилигине кыш мезгилине карата жүрүп жаткан даярдык иштерин тез арада бүтүрүү жана жылдык отчетторду даярдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Андан соң, казыят жамааты институттун жанына курулуп жаткан эки кабаттуу заманбап мечиттин курулуш иштери менен жеринде таанышышты.