Талас облусунун Манас райондук администрациясында балдарга туура тарбия берүү боюнча жыйын өттү

Талас облусунун  Манас райондук администрациясында мектеп мугалимдери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анын алкагында экстремизм, терроризмдин алдын алуу, терс диний агымдар, билим берүүнүн сапатын арттыруу жаатындагы бир топ маселелер каралды. Жыйынга район акими Бектеналы Дүйшөбаев, облус казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак ажы Абдусамат уулу жана имамдар катышышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулган жыйында облус казысы билим берүү менен балдарды туура жолго баштап, ошол эле учурда алардын тарбиясына көңүл буруу маанилүү экендигин билдирди. Ошондой эле облус казысы терс диний агымдардын алдын алууда облустук казыят бир катар түшүндүрүү жана жолугушуу иш чараларын өткөрүп, мүмкүнчүлүккө жараша жаш муундар менен иштөө жүрүп жаткандыгын маалымдады. Ал эми жыйын соңунда ар тараптуу кызматташуу менен балдардын келечеги үчүн бар күчтү жумшап, ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу керектиги айтылды.