Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Өзгөн районундагы мечит имамдары менен жолугушту

Бүгүн, Өзгөн районунун борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков райондун аймагынан келген мечит имамдары менен жолугушту. Жыйынга Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жана район аймагынан келген 100дөн ашуун мечит имамдары катышышты. Жыйында имамдардын иш алып баруу тартиби, Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруусу, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү аракети жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруу маселелери каралды.  Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алууда имамдар жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып, эл арасында түшүндүрүү иштерин такай алып баруусу керектигин жана учурдагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө акыйда, фикх илимдерин улам тереңдетип окуу зарылдыгын билдирди. Муну менен катар эле аш-тойлордо жана маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө болуп жаткан ысырапкерчиликти жоюу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү талабын койду. Ошондой эле жаңы курулган мечиттерди маалыматтык базага кошуу боюнча тактоо иштерин тездетип, отчеттук маалыматтарды даярдоону тапшырды. Мындан сырткары жашы жете элек кыздарга нике кыюу боюнча мыйзамдын талабын жана жоопкерчилигин мечиттерде коомчулукка туура түшүндүрүү боюнча иштерди уюштуруу зарылдыгын белгиледи.  Ал эми райондун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев жума сайын айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары көчмө жыйын аркылуу Ханафий мазхабы боюнча китептерди окуп, тажрыйба алмашуулар болуп жаткандыгын айтты.

Эскерте кетсек, Өзгөн району боюнча 149 мечит иш алып барат.