Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейинин студенттерине «Жаштар биздин келечек» аттуу иш чара уюштурулду

Жаш муунга туура тарбия берүү максатында Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейинин 1 жана 2 – курсунун студенттерине ыйман, жихаддын шарияттагы орду , ата-энени сыйлоо, илим алуу жана ошондой эле жалпы Ислам дининин баалуулуктары тууралу лекциялык сабак өткөрүлдү. Сабакка Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев, Жайыл райондук ИИБнин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн ага инспектору Кунтубаев Рахат жана аталган лицейдин мугалимдери катышышты.

Лекциялык сабак алкагында Жайыл районунун баш имам хатиби студенттерди ыймандуу, адептүү болууга чакырып, «Ислам жана ыйман» туурасында жалпы маалымат берип, билим алып жаткан кесип менен элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүп өсүүсүнө салым кошууга чакырды. Ал эми сабактын аягында суроо-жооп уюштурулуп,  аталган лицейдин мүдүрү Гульнара Мукубаевна жана мугалимдер жамааты Жайыл районунун баш имам хатибине жана жалпы катышуучуларга ыраазычылыктарын билдирүү менен мындай иш-чараларды өткөрүп турууну суранышты.

Эскерте кетсек, бул иш чара Чүй облустук мусулмандар казыятынын буйругунун негизинде өткөрүлүүдө.