Баткенде медресе студенттерине өзгөчө кырдаалдан сактануу боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлдү

Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин мугалимдерине жана студенттерине өзгөчө кырдаалдардан сактануу жана табигый кырсыктар катталган учурда жүрүм-турум эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чара Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин 2018-жылдын 19-июлдагы №337 буйругуна ылайык Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресеси менен Баткен шаардык  жана Баткен  райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, өзгөчө кырдаалдан сактануу эрежелери боюнча атайын сабактар, маалымат баракчалары жана китептер таратылды.