Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жакындарына көңүл айтты

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бардык эмгек жамаатына көңүл айтам.

Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркум Султан мырзаны Өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,

Кыргызстан Мусулмандарынын

Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев