Кыргызстандык белгилүү каары Асылбек каары Таштемиров Медина шаарында өткүп жаткан дүйнөлүк Куран жарышында калыстык кылууда

Сауд Араб Падышачылыгынын  Медина шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун каарыларды сыноо боюнча дүйнөлүк Куран конкурсунда КМШ мамлекеттеринин атынан Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров калыстык кылууда. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк Куран жарышка Сауд Араб Падышачылыгынан  илимдин эки доктору, Ирактан, Ливиядан келишкен белгилүү каарылар калыстык кылышууда. Медина шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун каарыларды сыноо боюнча дүйнөлүк Куран конкурсуна 116-мамлекеттен каарылар  чакырылган болсо, жарышка 16 өлкөнүн каарылары белгисиз себептерден улам келбей калышкан. Дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн келген каарылар эки күндөн бери калыстардын элегинен өтүштү. Бүгүн жарым финал жана финалдык таймаш  жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров ушул жылдын май айында Россиянын Саратов шаарында өткөн  Евразиялык Куран конкурсуна да калыстык кылган болчу.