Баткен райондук хатибияты аймактагы имамдардын ишмердүүлүгүнө өз бааларын беришти

Баткен  райондук хатибияты борбордук “Абу Бакр” мечиттинде  аймактагы имамдарга   жыйын өткөрүп, анын алкагында мечиттердин  кыш мезгилине  даярдыктары, тазалыгы, өрт коопсуздугун алдын алуу, айлык отчетторду убагыда так жана жакшы тапшыруу, бирдиктүү жума хутбасына көңүл буруу маселелери каралып, Ислам динин туура багытта жеткирүүдөгү иш арекеттери үчүн алдынкы деген имамдардын иштери бааланды.

Жыйынга 70 имам катышып, райондун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов имамдарга алдыда аткарылуучу иштер боюнча бир катар   тапшырмаларды берди. Жыйындын соңунда сунуш-пикирлер эске алынып, аткарылуучу негизги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышты.