Каракол шаарында «Конфессиялар аралык диалог” аттуу форум өттү

Бүгүн, 4-октябрда КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында “Конфессиялар аралык диалог” форуму болуп, ага облус аймагындагы диний уюмдардын, шаар жана облус боюнча бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери, КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов жана облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков катышты.  Форум алкагында КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жолдошев Саламат Асанович 2014-2020 жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу жана конфессиялар боюнча баяндама жасап, форумдун тартиби жана максаты туурасында маалымат берди.

Ал эми КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов Ислам дини тынчтыктын, биримдиктин жана Ислам дини аркандай терс көрүнүштөргө каршы экендигине токтолсо, облус казысы аймактагы диний абал боюнча маалымат берди.

Муну менен катар ИИМ өкүлү Замир Турсунбеков “Диндер аралык өз ара мамилени жөнгө салуудагы укуктук негиздер” темасында баяндама кылса, диний уюмдардын өкүлдөрү диндер аралык өз ара кызматташтыкты жүргүзүүнү жакшыртуу туурасында сунуштарын айтышты. Ошондой эле катышуучулар атайын тайпаалрга бөлүнүп, пикир алмашууда практикалык тапшырмаларды аткарышып, форумдун жалпы катышуучулары кызматташуу жаатында ой-пикирлерин талкуулашты.