Ош облустук казыятында мечиттердин кышка карата даярдыгы талкууланды

Бүгүн, Ош облустук мусулмандар казыятында «2018-жыл  Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата райондук хатибияттардын 3-кварталда аткарган иштери жана мечиттердин кышка карата даярдыгы талкууланды.  Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу, райондордун башкы имам-хатибдери жана казыят кызматкерлери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондук башкы имам-хатибдер аймактарды өнүктүрүү жылына карата 3-кварталда аткарылган иштер боюнча маалыматтарын беришти. Мындан сырткары облус казысы Самидин кары Атабаев дин кызматкерлеринин тартип маселесин катуу кароо, мечиттердеги тазалыкка өзгөчө көңүл буруу, кышка карата диний объектилердин даярдыгын камсыздоо жана бардык мечиттерде азан айтуу убактысынын бирдиктүүлүгүн сактоо боюнча тапшырмаларды белгилеп, диний объектилерде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча катуу эскертти.

КМДБнын Өрт коопсуздугунун алдын алуу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндөгү №337 буйругунун   аткарылышы боюнча облус аймагындагы бардык мечиттерде текшерүү иштери жүргүзүлөт. Буга чейин райондук башкы имам-хатиптерге, диний окуу жайлардын жетекчилерине жана мечит имамдарына берилген тапшырмага ылайык райондук хатибияттарда, диний окуу жайларда жана мечиттерде өрт коопсуздук текчелери орнотулуп, керектүү өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздалуусу милдеттендирилген. Мындан сырткары ыктыярдуу кошундарды түзүп, өз аймагыңыздардагы өрт кызматы менен биргеликте окутуу иштерин уюштуруңуздар, –деди облус казысы С.Атабаев.

Ал эми КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу Ош облусунун аймагындагы мечиттердин маалымат базасын жаңылоо боюнча кайрадан тактоо керектигин сунуштап, бул ишти октябрь айы ичи толук бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле райондук башкы имам-хатиптердин өз аймагындагы мечиттерди каттоодон өткөрүү иштерин толук бүткөрүү керектигин билдирди. Жыйындын соңунда облус казысы Самидин кары Атабаев ноябрь айында райондук башкы имам-хатиптердин жылдык маалымат отчетторун кабыл алаарын билдирди