Ош шаарынын казысы иш сапары менен Ысык-Көл облустук казыятына барып, облус казысы менен жолугушту

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жана казыяттар аралык кызматташууну жакшыртуу, тажрыйба алмашууну бекемдөө максатында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев иш сарапы менен Ысык-Көл облустук казыятына барып, облус казысы менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында казыяттар арасындагы тыгыз кызматташуу менен тажрыйба алмашуу жаатында облус жана шаар казылары пикир алымашып, бул жааттагы ишмердүүлүктү жакшыртуу пикирине келишти. Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков тажрыйба алмашуу казыяттардын ишин алдыга жылдырып, казыят кызматкерлеринин ортосундагы алаканын жакшырышына себепчи болоорун баса белгиледи. Ал эми Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ысык-Көл облусунун казысына терең ыраазычылык билдирүү менен Ош шаардык казыяты ар тараптуу тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди. Муну менен катар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө диний кырдаал боюнча пикир алышып, элибиздин биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын бекемдөөдө дин кызматкерлери эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуусу керек экендигин билдиришти.

Андан соң Ош шаарынын казысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуп, ынтымактын маанилүүлүгү, улуттар арасындагы достук жана Ислам дининин баалуулуктары темасында баяндамаларын жасап, өлкөбүздүн тынчытыгы үчүн дуба кылды.