Кара-Суу районунун Кенжекул айылында заманбап мечит пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кенжекул айылында жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосунда “Акбарали ата” атындагы мечит заманбап үлгүдө жаңыланып, пайдаланууга берилди. Аталган мечиттин ачылыш аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мурзаибрагим Жээнбеков, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын казылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун аймагынан келген жашоочулар катышышты. Аталган мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, андан соң Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сооптуу амалдар жана ысырапкерчиликтен оолак болуунун диндеги орду туурасында баян жасап берди. Андан соң ачылыш аземге келген коноктор жалпы элди мечиттин ачылышы менен куттукташып, ийгиликтерди каалашты.  Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун мусулмандар казыятынын атынан мечиттин курулушуна демөөрчүлүк жасап, салым кошкондорго жана мечиттин курулушунда эмгектенген курулушчуларга ыраазычылык баракчалар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Эскерте кетсек, “Акбарали ата” атындагы мечити эски мечиттин ордуна эки кабаттуу заманбап үлгүдө курулуп, 300 орунга ылайыкташкан.