Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдардын 3 кварталдагы отчетторун кабыл алды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Чоң-Өрүктү айылындагы борбордук мечитте имамдар менен жолугушуп, 3 кварталдын отчетун кабыл алды. Отчеттук жыйын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан жана облустук казыят тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы, кириш-чыгыш документтер жана коомчулук менен иш алып баруусу, жергиликтүү бийлик менен кызматташуу жаатындагы ишмердүүлүктөрү каралды.