Ысык-Көл облусунун казысы баш имам хатибдердин отчетун угуп, ишти жакшыртуу үчүн бир катар тапшырмаларды берди

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондук баш имам хатибдерди кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул күнү облус казысы мечиттердин кыш мезгилине даярдыктары, жылуулук системаларынын орнотулушу, мечиттердин тазалыгы боюнча баш имам хатибдердин маалыматтарына дыкат көңүл буруп, берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчетторун текшерди. Ошондой эле облус казысы имамдардын билим деңгээли, казыят менен болгон кызматташуусу, аткарылган иштердин маалыматын жөнөтүү, бирдиктүү жума хутбалдардын айтылышы, даават иштериндеги көзөмөл жана уруксаат барактардын берилиши боюнча дагы маалыматтарын угуп, өз баасын берди.

Биз өзүбүзгө күнүгө отчет беришибиз керек. Имам элдин жүзү, күзгүсү болуп, ишин так аткарса элдин алкоосу менен колдоосуна татыйт. Андыктан берилген тапшырмаларды өз учурунда аткарып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу аркылуу коомдогу ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алса болот,-деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Муну менен катар облус казысы баш имам хатибдерге бир катар тапшырмаларды берип, жыл жыйынтыгын жакшы чыгарып, кийинки жылга жаңы ой-пикир, сунуштар менен кирүү керектигин айтып, имамдардын ишине ийгилик каалады.