Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Нарынга барышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Фархад ажы Юсупов жана Кенжетай ажы Курманкожоев Нарын шаарына иш сапары менен барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, «Ислам – экстремизмди жана терроризмди айыптап, тынчтыкты жар салат», – деген теманын алкагында баяндамаларын жасашты.  Ушул эле күнү  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү  Нарын медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, «Билимдүү жаштардын мамлекетке кошкон салымы» темасында  лекция окушту. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Фархад ажы Юсупов жана Кенжетай ажы Курманкожоев  Нарын облусундагы баш имам хатибдерге, шаардык жана райондук имамдарга «Имамдар – Исламга баштоочулардын жандуу үлгүсү жана дин тутунуудагы фанатизмдин алдын алуучулары», — аттуу темада жолугушуу өткөрүшүп, имамдар менен аалымдардын ортосунда суроо-жооп уюштурулду.

Имам – бул диний жөрөлгөлөрдү гана жасоочу киши эмес, экстремизмдин алдын алуучу, элдин, мамлекеттин тынчтыгын сактоочу жана адамдардын руханий байлыгын толтуруучу кызматкер,- деди Фархад ажы Юсупов.