Кара-Суу районунун борборунда 2500 орунду заманбап мечит ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү Кара-Суу районунун борбордук “Достук” мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Марс Ибраев, КРнын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми,   Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит кары Батыров, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун аймагынан келген жашоочулар катышышты. Аталган мечиттин ачылышы Куран окуу менен башталып, андан соң дин аалымы Чубак ажы Жалилов жалпы жамаатка баяндама жасап берди. Ошондой эле келген коноктор жалпы элди мечиттин ачылышы менен куттукташып, калкы жыш жайгашкан Кара-Суу районунун эли үчүн заманбап жана чоң мечиттердин курулушу абдан маанилүү экендигин белгилешти.  Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облустук казыяты жана Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан мечиттин курулушуна демөөрчүлүк жасап, салым кошкондорго жана мечиттин курулушунда эмгектенген курулушчуларга ыраазычылык баракчалар жана ардак грамоталар тапшырылды.  Соңунда жамаат менен биргеликте жума намазы окулуп, уюштуруучулар тарабынан жалпы элге сый тамак тартууланды.

Эскерте кетсек, Кара-Суу райондук борбордук мечитин жаңылап заманбап үлгүдөгү мечит  Сауд Аравиялык демөөрчүлөрдүн колдоосунда бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан курулуп берилген.  Курулуштун долбооруна ылайык борбордук мечит эки кабаттуу узуну 43 метрди туурасы 30 метрди түзүп, 1290 чарчы метр аянтка жана 2500 орунга ылайыкташтырылып курулду.