Баткендеги Муаз ибн Жабал медресесинин 30 студенти ашпозчу кесибине ээ болушуп, кесиптик сертификаттарды алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Баткен облустук мусулмандар казыяты жана     “Авеп” коомдук фонду тарабынан  уюштурган «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында ашпозчулук кесиби боюнча билим алган 30 студентке сертификаттар тапшырылды.

Учурда  суроо-талап көп болуп жаткан кесиптердин бири ашпозчу-кондитер болуп жаткандыктан биз бул тармакта жакшы иштеп берген адистерди даярдоо максатында  Баткен шаарындагы  Муаз ибн Жабал медресеси ушул кесиптин түрүн тандалып алынган. Долбордун негизинде  кондитерге керектелүүчү  337450 сомдук  жабдуулар алынып,  биринчи окуу курсу 7-августан, 23-авгуска чейин өткөрүлдү. Окуу курсуна 15 бала 15 кыз катышып, жалпы 30 окуучу ашпозчу жана кондитер кесиптери боюнча сертификатын алышты,-деди казыяттын басама сөз катчысы Фуркат Авлиёев.

Учурда окуу курссун бүткөн студенттердин ичинен 2 окуучу ашпозчу кесибин аркалап эмгектенип жатышат. Окуу курсунун  экинчи этабы  17- сентябрда башталып, азыркы мезгилде 16 кыз билим алууда.