Муфтияттын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет

Жаңы окуу жылына карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү өлкө аймагындагы диний окуу жайларды текшерет. Мындай чечим бүгүн, 20-сентябрда өткөн жыйында кабыл алынып, диний окуу жайлардын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, план-программалардын түзүлүшү, мугалимдер менен окуучулардын даярдыктары, окуу жайлардын тазалыгы, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы, санитардык абалдары тыкыр текшерилет.

Муну менен катар КМДБнын окуу бөлүмү жер жерлердеги диний окуу жайларда өзгөчө кырдаалдар жана өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштерин башташмакчы.