Борбордук Текшерүү Комиссиясы казыяттардын эсепчилерине 1С бухгалтериялык программасын үйрөтүп, бирдиктүү база түзүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү Комиссиясы тарабынан облустук жана шаардык казыяттардын бухгалтерлерине уюштурулган 3 күндүк окуу  семинары аягына чыгып, 1С бухгалтериялык программасы үйрөтүлдү.

Бул окуу семинары 2014-жылдын 3-февралындагы Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында уюштурулуп, казыяттардагы финансылык иштерди электрондук системага өткөрүү, республика боюнча борборлоштурулган бирдиктүү база түзүү болуп саналат.

Семинардын жыйынтыктоо аземине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышып, казыяттарга 1С бухгалтериялык программасынын орнотулушу чоң жетишкендик экендигин жана бул Муфтияттагы чоң реформалардын бири болгондугун баса белгиледи.

3 күндүк семинардын акырында аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында казыяттагы жигердүү ак эмгектери үчүн Нарын облустук казыятынын жана Ош шаардык казыятынын башкы бухгалтери Азирети Муфтийдин ардак грамотасы менен сыйланышты.