Мухаррам айынын онунчу күнүндө орозо кармоо сооптуу амал

Себеби пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم бул күндөрү орозо тутат эле, бирок көзү өтө электен мурун мухаррамда орозо тутуп мындай деген: «Онунчу мухаррамда биз дагы орозо тутабыз жана яхудттар дагы тутат, ошонун себебинен окшоштук болуп жатат. Ошого эгер мен кийинки жылы араңарда болсом бир гана онунчу мухаррамдын орозосун тутпай аны менен дагы бир күн кошуп орозо тутам»,-деген. Тилекке каршы кийинки жылы Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم болбой калгандыктан амал дагы болбой калды.
Бирок, Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم айткан эле ошого сахабалар Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم калоосуна амал кылуу менен ошол жылдан баштап бир күн эмес, онунчу мухаррамда 9-10 же 10-11 кылып эки күн орозо тутканга амал кылышкан. (Абу Дауд 2\301,302)

Бүгүн, 19-сентябрь күн баткандан баштап Кыргызстандын айы менен 9чу мухаррам айы башталды. Хижри айынын күнү күн баткандан баштап алмашат. Кимде-ким орозо тута турган болсо 20-21 сентябрда же 21-22 сентябрьда эки күн тутса болот.

КМДБнын “Ай көрүү жана намаз убакыттарын белгилөө” комитети