Пазыл ажы Султанмуратов: «Студенттерге билим, тарбия берүү чоң аманат»

Мындай пикирин Баткен облустук мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  медресе мүдүрлөрү менен өткөрүлгөн жыйында билдирди. Жыйындын алкагында 2018-2019-окуу жылына карата  кабыл алынган иш пландары талкууланып, жаңы окуу жылында кабыл алынган студенттеридин саны, медреселердин  окуу шарттары, даярдыктар жана башка бир топ окуу жаатындагы маселелер карылды. Жыйын алкагында облус казысы студенттерге билим, тарбия берүү чоң  аманат иш экендигин айтып, жоопкерчиликти так аткаруу керектигин баса белгиледи.

Ал эми жыйындын акырында мүдүрлөргө Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан басылып чыккан  “Хадистердин негизинде Ислам” аттуу жети томдон турган китеп  белекке берилди. Бул китеп Курандан кийинки Ислам дининин негизи болгон хадистерди камтыган кыргыз тилиндеги биринчи көлөмдүү жыйнак болуп саналат.  Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган.