Дил азык

Бисмиллахир рахмаанир рахиим.

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоолор болсун, салам жана салаваттар Пайгамбарыбызга (сав)  болсун. Адам баласынын жүрөгүнө жакшы нерселерди айтуу зарыл. Анткени,  жүрөк жакшы нерсе болсо, ошол нерсени кабыл алат, жаман нерсе болсо, ошону да  кабыл  ала берет. Момун мусулмандар үчүн үгүт  насаат  айтылуучу  жайларга, мечиттерге барып туруусу зарыл, анткени шайтан жалгыз адамды бат эле азгырат, кандай эле жалгыз койду карышкыр бат эле жеген сыяктуу. Эгерде адам баласы ушундай мажлистерге барып жүргөн болсо, ыйманы курчуп, жана шайтандын  жинин келтирип Алла Тааланын ыраазылыгын табат. Адамдардын жүрөгү Алла Тааланын колунда, аны Алла кандай кааласа  алмаштырып коёт.

Пайгамбарыбыз (сав) айткандай:  “О, жүрөктөрдү алмаштыруучу  Аллахым, менин жүрөгүмдү сенин диниңе бекем кыл”. Пайгамбар болуп туруп ушунчалык коркуу менен дуба кылган болсо, анда биз ушуну угуп туруп, ушул фитна фасаат жашоодо эмне кылышыбыз керек деген суроо туулбай койбойт. Албетте, Куран Карим журөктөргө азык берүүчү эң чоң баян жана насаат. Бул тууралу Алла Таала мындай  дейт  “Эй адамдар! Силерге Эгеңерден үгүт-насаат, жүрөктөрдөгүнү айыктыруучу (шыпаа), ыймандуулар үчүн Туура жол ырайым келди.” (Юнус сүрөсү-57)   Пайгамбарыбыз (сав) сахабалар менен олтурган кезде, бул улуу Куран менен Алланы улуктоочу жана  кызыктыра турган  жана коркута турган аяттарды айтып берет эле. Бир жолу Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтты! “ О, Алланын  Элчиси! Эгер биз сенин алдыңда отурсак жүрөктөрүбүз  жумшарып  дүйнөгө болгон  кызыгуубуз  жоголуп,  акыреттик киши  болуп  калабыз.  Эгер  сенин  алдыңдан  кетип   калсак,  ошол  нерсенин  баарын унутуп,  үй- бүлө  бала-чакам  дүнүйөм  деп  калабыз”? деди. Ошондо Пайгамбарыбыз (сав) минтип айтты! “Эгер силер менин алдымдан кеткенде, үйүңөрдө дагы  менин  алдымдагыдай   абалда  болсоңор,  анда силердин  үйүңөрдү  периштелер курчап, зыярат кылмак”.  Албетте,  бул  Куран  Адамдардын  жүрөгүн  жумшартат  ташты жумшарткан  сыяктуу  эле,  бул туурасында  Алла Таала  мындайча кабарлайт.  “Андан соң силердин жүрөгүңөр таш сыяктуу, же андан да катуурак болуп  калды. Анткени таштардын арасынан сызылып агып  чыккан булактар бар, алардын  арасында ташты жарып  агып чыккандары  жана алардын арасында  Алладан  корккондугунан  төмөн  көздөй аккандары да бар. Алла силердин жасап жатканыңарды байкабай калбайт”.  (Бакара сүрөсү-74) Дагы бир  башка  аятта Алла Таала мындайча  кабарлайт. Эгер, Биз бул Куранды  бир  тоого  түшүрсөк,  анда  сен  ал  тоону  бүжүйгөн  абалда,  Алладан  коркконунан  жарылып  кеткенин  көрөт элең. Буларды  адамдарга мисал  келтирип жатабыз. Мүмкүн алар  ойлонушаар.  (Хашр сүрөсү-21) Урматтуу окурман!  жогорудагы  аяттарда Алладан  коркуунун  жана даанышмандыгынын  бир  элесин бизге мисал  катары  баяндап  жатат.  Караңыздарчы!  Эгер Куран  тоо-ташка түшүрүлгөндө,  анда  Алла  Тааладан  коркконунан  бүжүрөйүп жарылып  кетмек  экен. Таштай  катуу,  тоодой  көлөмдүү  макулук  бүжүрөйүп  жарылып кетсе,  кичинекей бир  үзүм  эт болгон адам  баласынын  жүрөгү  таштан да   катуу  болуп,  Куран  аяттарын укканда  коркпогондугу,  жумшарбагандыгы,  бүжүрөйбөгөндүгү таңгалычтуу  нерсе  эмеспи?   Анда Алла Тааланын  сөзүнө,  анын  коркуткан  коркутууларына,  жүрөк  эриткен  насааттарына  эрибеген  таш  жүрөктү эрите  турган  тозок  отунун  жаратылуусу  Алланын  хикматына (даанышмандыгына)  дал келет.

Кимдин  жүрөгү  бул дүйнөдө жумшарбаса,  Аллага  тообо  кылып  кайтпаса,  аны  сүйүп  эзилбесе, андан  коркуп   ыйлабаса,  анда  бул  дүйнөнүн  бир аз  жыргалын  тата  берсин! Алдыда  аны  жүрөктөрдү  жумшартуучу  улуу  Алла Таала  күтүп  турат,  тез  эле Акыретке  кайтарат  ошондо  көрөт  бар чындыкты!

О!  Капилетте  уктап  жаткан адам  баласы ойгон, эсиңе  кел! Ыйык Курандын  насааттарына  ой  жүгүрт! Качанга  чейин бул  тоготпостук, бейкапарчылыгың  уланат!  Шашылгын!  Тезирээк амал  күндөлүгүңдү  жакшы  амалдар  менен  толтургун болбосо  кийинки  жашоодо  өтө  өкүнүп  каласың!

Оо!  Алла  катыган  жүрөктөрдүн айынан  сага  даттанабыз. Күнөөлөрдүн  көптүгү  жүрөктөрдү  каптап  дат  бастырды. Жараткандан  коркуп  жалынаар  убакыт  келбедиби? Андыктан  аз  жашоонун  ичинде  дүйнөнүн  азгырыктарына арбалып  калбагын!

Жүрөктөрдүн  жумшаруусу  Алланы  эстөөдөн,  ыйык  Куранды окуп ой жүгүртүүдөн  пайда болот. Анткени,  Куран окуганда   ага  ой  жүгүрткөндө  жүроктөр  коркуп,  эзилип,  жумшарып  агарат,  андагы  капилеттик (бейкапарлык)  акырындап  кете  баштайт.  Алла  Таала  ыйык  Куранда   мындай дейт. Чынында  момундар,  Алла (нын аты)  эскерилгенде (Зикир кылынганда)  жүрөктөрү  корккондор,  аларга Анын аяттары  окулганда,  ыйманы  күчөйт  жана  өздөрүнүн Эгесине  гана  тобокел  кылышат.  (Анфал сүрөсү-2 )   Дагы бир башка аятта мындай дейт.  Бул аят  Мухаммедга (а.с.)  кайрылуу!  Моюн сунгандарды  кубандыр. (Алла Таалага  сыйынууга  дилгир  адамдарды  Бейиш  кабары  менен  сүйүнчүлө).  (Хаж сүрөсү-34) Ушу сүрөөнүн кийинки аятында мындай дейт. Алланын  аты  аталганда  алардын (Момундардын)жүрөктөрү  титиреп  турат (Жараткандан коркуусу күчөйт). (Хаж сүрөсү-35) Дагы бир башка аятта мындай дейт.   Алланын  эстегени үчүн  жана  акыйкаттын (Куранын) түшкөнүнө ыйман келтиргендердин  жүрөгү  жибий (корко)  турган  учуру  келдиби? Силерден мурдагы  китеп  берилгендерге  окшобогула. Убакыттын  көп  өтүүсү менен  алардын  жүрөктөрү  каптап калган  жана  алардын  көбү  бузукулар. (Хадид сүрөсү-16)  Дагы бир башка аятта мындай дейт. Алла аяттарды бири-бирине  окшош  (сыяктуу угулуп)  кайталанып  тура  турган сөздүн  эң  көркөмүн  Китеп (Куран) түрүндө  түшүрдү.  Андан (Курандагы Тозок тууралу  аяттардан) Эгесинен  корккондордун  денелери  титирейт. Анан (Алла Тааланын ырайымынын кеңдигин  эстешкенде  Кудайга кайрылып, дуба кылып  же  зикир  чалган учурларында) алардын терилери,  жүрөктөрү  Алланы эстөө  аркылуу  жибийт. (Зумар сүрөсү-23) Алланы  эстөө менен жүрөктөр агарат .   Дүйнөнү эстөө  менен жүрөктөр карарат. Бирок тилеке каршы бул насааттар менен аз  эле адамдар насаат  алышат. Улуу Мээримдүүнүн  чакырыгын аз эле адамдар кабыл алышат.        Алла Таала айтты: Албетте мында (Айтылгандарда) чын дилден берилгенге, же  кулак салгандарга  эскертме  бар. Ага өзү күбө. (Каф сүрөсү-37) Мурунку муундардын турмушуна назар салсак, алар ыйык Куранды окууга өтө катуу көңүл буруп, эмгек кылышкан. Өзгөчө орозо айы келгенде. Анткени алар орозо айы Куран айы экенин өтө жакшы билишкен. Ошондуктан алар орозо келгенде Куран окууга баш оту  менен киришкен, жүрөктөрдүн чаңкоосун кандырышат  эле.  Алардын  алдында көч башы  болуп Пайгамбарыбыз (сав) келет. Жабраил  периште менен орозодо Куранды  баштан  аяк бири-бирине окуп  беришчү. Азрети Осмон (р.а) жөнүндө айтылат. Ал күн  сайын  ыйык Куранды окуп  бүтүрчү экен. Кээ  бир сахабалар орозонун түнкү  кечелеринде тик туруп  үч күндө, кээ бирлери,  он күндө бүтүрчү экен. Имам Абу Ханифа, Имам Шаафий р.а бир ай орозодо,  алтымыш жолу Куранды окуп  чыккандыгы  айтылат. Ал  эми Ахмад бин Ханбал ар жума сайын  Куранды бир  жолу  окуп бүтүрүп  турган экен. Азрети Катада  (р.а.) орозодо Курандан сабак  берип ар жума  сайын  Куранды окуп чыгат эле. Акыркы он күндүгү келгенде  ар бир  кечеде  бир  жолу Куранды бүтүрөт  эле.  Имам Зухрий “ орозо-Куран окуй турган жана  элге  тамак  бере  турган  ай”. деп айткан. Суфян Саврий болсо  орозо  келгенде  баардык  нафл ибадаттарды токтотуп  жалаң  гана Куран окуу менен  алек болот экен. Азрети  Айша энеб из орозодо таң эрте Куран окуп күн чыкканда уктачу экен Азирети Забиб р.а Рамазан айы келгенде Куранын алып келип  сахабалар менен бир үйгө же бир жерге чогулушуп Куранды кээ бирлери бир күндө кээ бирлери үч күндө окуп   бүтүрүшчү. Алар Куранды окуп жатышып ушунчалык эс алып, ырахаттанып, нурданып, курсантчылыка батып, катуу оорулуу адам оорусунан айыккан   сыяктуу  болуп  калышчу. Алар Куранды  туура жана так эрежелери менен окуп жаткан  учурда таң-калыштуу аяттарга жетишкенде таңкалып, эгер коркунучтуу аяттарга  жетишкенде, коркушкандыктан ыйлап, эгер сүйүнүчтүү аяттарга жетишкенде, аябай сүйүнүшкөн. Эгер буйрук жөнүндө аяттар келсе аны аткарышып, тыйылуучу аяттар келсе андан тыйылышат эле. Кээ бир улуу аалымдар айткан,  эгер Алла Тааланын алдында сенин кадыр баркың канчалык даражада  кадыр барктуу экенин билгиң келсе, анда сенин  алдыңда Куран канчалык даражада кадыр барктуу экендигине назар сал.

 

КМДБнын үгүт-насаат, даават жана аялдар менен иштөө бөлүмү