Жайыл районунун имамдары жана Ислам институттарынын студенттери бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембиликке чыгышты

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жайыл районунун имамдары, «Куран Нуру» жана «Азрети Усман» Ислам институтунун студенттеринен турган топ  ишембиликке чыгып,  Кара-Балта шаарынын Жайыл Баатыр, Кожомбердиев, Пограничный жана Сосновка бурулушун тазалашып, таштандылардан арылтышты.

«Ишембиликке 200гө жакын имам, студент жана 3000ден ашуун жарандар чыгышып, толугу менен бөлүнгөн көчөлөрдү тазалап чыгышты»,-деди Нурдан ажы Өмүралиев.