Орусия, Татарстан жана Казакстандан келген дин аалымдары 3чү дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деңгээлде өтүп жаткандыгын баса белгилешти

Орусия Федерациясынын Муфтийлер Кеңешинин төрагасынын орун басары Аббясов  Рушан Рафикович, Татарстан Республмкасынын Муфтийи Самиугллин Камиль Искандерович жана Казакстан Республикасынан келген Муфтийинин орун басары Адильбаев Алау Шайкимович жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармасынын иш башкарма башчысы Орын Ербосын Бектурсынулы 2018-жылдагы көчмөндөр оюнуна катышты.

3чү дүйнөлүк көчмөндөндөр оюнуна алыс-жакындан келген конокторду Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Макстбек ажы Токтомушев жетектеп барып, көчмөндөр оюнунун негизги максатын, маанисин жана тарыхын түшүндүрүп бериди.

Ачылыш салтанатка күбө болгон дин аалымдары өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдирүү менен 3чү дүйнөлүк көчмөндөндөр оюну жогорку деңгээлде башталгандыгын баса белгилешти.