Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын катышуусу менен Бишкекте Борбордук мечит ачылды

Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын катышуусу менен Бишкекте Борбордук мечит ачылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Республикасынын диний иштер боюнча Башкармалыктын жана «Диянет» фонду тарабынан курулган мечитти ачуу аземине катышышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен бирге Борбор Азиядагы эң чоң жана эң кооз мечитти ачуу аземине катышып жатканына кубанычтуу экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы бул мечит, Кудай буюрса, жалпы момун мусулмандар чогулуп, Жаратканга сыйынып, жакшылыктарды тилеген жерге, ыймандын очогуна айланаарына ишеним билдирди. Мусулмандардын билимин жана руханий дүйнөсүн байытуучу жай болот.
«Мечитибиз — Кыргызстандын диний борбору гана эмес, калаабыздын көркүнө көрк кошкон кооз архитектуралык комплекстердин бири болот», — деди Президент.
Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тарапка жана мечиттин курулушуна катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. «Бул долбоорду түрк тарабы каржылап, курулуш ишине Түркиянын эң мыкты архитекторлору, инженерлери жана курулуш компаниялары катышты. Өзүмдүн жана Кыргызстандын элинин атынан боордош Түркиянын элине жана куруучуларга терең ыраазычылык билдирем,» — деди ал.
Президент Кыргызстанда жарандарынын дин тутуу жана ишеним эркиндиги мыйзам негизинде корголоорун жана аны мамлекет кепилдикке алаарын баса белгиледи. Бүгүнкү мечиттин ачылышы ушул эркиндикти сыйлаган мамлекеттик дин саясатынын көрсөткүчү.
Мамлекет башчысы азыркы учурда, эл аралык масштабда, мусулмандарга тиешеси жок, жалган сапаттарды жабыштырып, исламдын баалуулуктарын туура эмес чагылдырып, элге бурмаланган көз карашты таӊуулоо аракеттери болуп жатканын белгиледи. » Биздин коомдо мындай ыплас идеология тарап, жалган маалымат жайылып, жарандарыбыз арасында туура эмес түшүнүктөр пайда болушуна жол бербешибиз зарыл, — деп белгиледи Президент. — Дин чөйрөсүнө кылдат мамиле кылып, дин саясатын ырааттуужүргүзүү керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы теӊ дин эркиндиги менен заманбап өнүгүүнү ийкем айкалыштыруу жолу менен ийгиликке жеткен. Биздин коомубуз азыркы илимий-техникалык жетишкендиктерди үйрөнүү менен дин тутуу эркиндигин ийгиликтүү айкалыштыруусу абзел».
Ал ошондой эле Кыргызстанда дин кызматкерлеринин диний билим деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-аракеттер, имамдардын жашоо шарттарынын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Анын ичинен „Ыйман“ диний маданиятты өнүктүрүү фонду ийгиликтүү аракеттерди жасап жатканын өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Фонд имамдарды окутуу курстарын өткөрүүдө. Азыркы күндө 3 миңден ашуун имам окуудан өттү.
Алар шарият илими менен кошо коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган окууларга катышты. Аттестациядан өткөн 2000ден ашык имамга ай сайын стипендия төлөнүп жатканы белгиленди.
„Бул иштерге көмөк көрсөткөн эң ири демөөрчү — боордош Түркия мамлекети, Сиз баштаган мамлекеттин бийлиги болду, урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырза, — деп баса белгиледи ал. — Сиздер көрсөткөн финансылык колдоонун алкагында стипендия алып, билимин жогорулатып, элге кызмат кылган имамдардын бир тобу бүгүнкү салтанатка катышып жатышат. Сизге алардын да ыраазылыгын билдирем“.
«Ачылып жаткан Борбордук мечит элге салттуу Ислам дининин баалуулуктарын, диний маалыматтарды туура багытта жеткирүүчү, эл арасында ынтымакты бекемдөөчү жана жакшылык таратуучу мечиттерден болооруна ишенем», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз жана түрк элдеринин достугу бекем болуп, боордош эки элдин тилектештиги түбөлүк болушун каалады.
Эскерте кетсек Бишкекте Орто Азиядагы эң чоң имам Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечиттин ачылышына Турцкия президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия дин иштери башкармалыгынын башчысы доктор Али Эрбаш жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышышты.