Кыргызстан Ислам Университетинин ректору окуу жайдын босогосун аттаган улан-кыздар менен жолугушту

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов окуу жайдын босогосуна жаңыдан кадам таштаган 1-курстун улан-кыздары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда ректор студенттерди улуу аалымдар билим алган университетке ийгиликтүү өтүүсү менен куттуктап, Чубак ажы Жалиловдой мыкты инсан, мыкты мугалим, устат окуган университетте татыктуу билим алууга чакырып, жогорку окуу жайдын босогосун аттаган улан-кыздарга акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтып өттү.  Ошондой эле Абдишүкүр ажы Нарматов илим жолу машакаттан тура тургандыгын, эгерде ага сабыр кыла турган болсо келечекте жемишин көрөөрүн баса белгиледи.