Медина шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына сапар алышты

25-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп кеткен  Кыргызстандык болочок 300 ажы ыйык бүгүн, 29-июлда Мекке шаарына алгачкылардан болуп сапар алышты. Болочок ажылар заманбап автобустар менен жолго чыгышып, аларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө  штабдын  өкүлдөрү  тосуп алышмакчы.

«Болочок ажылар ыйык Меккеге ихрамдарын байланып алып сапар алышты. Бул Медина шаарына алгачкылардан болуп келген 300 болочок ажы. Эми күн сайын Мекке шаарына 300 болочок ажы сапар  тартып турат»,-деди жеринде Жигитали ажы Исмалилов.