Мекке шаарына алгачкылардан болуп келишкен Кыргызстандык ажыларды Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышты

Кыргызстандык  болочок ажылардын алгачкы тобу  ыйык Мекке шаарына келишип, Дауар Кудай районундагы №1 мейманканага жайгашышты. Учурда болочок ажылар Умра амалдарын аткарууга киришип, ихрамдан чыгышкан соң Харам мечитинде нафил тавафтарды  аткарышып, шаардагы «Жабалу Нур» тоосу, «Хира », «Саур» үңкүрлөрүн  зыярат кылышмакчы.

«Ажылыктын убагы келгенче  болочок ажыларыбыз  ыйык Мекке шаарындагы тарыхий жайларды зыярат кылып, Харам мечитинде нафил тавафтарын аткарып турушат. Мынакей Мединадан Мекке шаарына алгачкы каттам башталды. Болочок ажыларды Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин өкүлдөрү, штаб кызматкерлери  жагымдуу маанай да тосуп алдык»,-деди жеринде Равшан ажы Эратов.

Учурда Мекке шаарында ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү болгон Равшан ажы Эратов, Эсен ажы Убайдуллаев, Улан каары Курманбаев жана Мелис ажы Турганбаевдер кызмат кылышып, болочок ажыларга бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет  кылып жаткан мезгилдери.

Эскерте кетсек, 1-августтан  тарта Ош-Жидда багыты боюнча 10чу каттам  Мекке шаарына каттай баштамакчы.