Мекке шаарындагы мейманканалар Кыргызстандык ажыларды кабыл алууга даяр

Мындай пикирин бүгүн, 28-июлда 2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын Мекке шаарындагы өкүлдөрү  Равшан ажы Эратов жана Эсен ажы Убайлуллаев билдирди. Учурда Мекке шаарындагы Вакф тарабынан Кыргызстандык ажылар үчүн бөлүнгөн мейманканалар толугу менен Кыргызстандын Меккедеги көчмө  штабына өткөрүлүп, даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ал эми көчмө  штаб өкүлдөрү мейманканаларды бөлүштүрүп, алдын ала ажы башчыларга электрондук түрдө  жиберилүүдө. Бул алдын ала ажылар кайсыл мейманканага жайгашаары туурасында маалыматка ээ болушуп, Мединадан Мекке шаарына келгенде дароо бөлүнгөн мейманканаларга автоматтык түрдө жайгаша беришет.

Мейманканалардын бардыгы санитардык  талапка жооп берет. Ар бир бөлмөдөгү аба муздаткычтары, коопсуздуктары  толугу менен текшерилип, медициналык жайлар даярдалууда. Учурда САПтын ажылык министрлигинин Кыргызстандык ажыларды тейлей турган №25 мекемеси  ажыларды кабыл алуу боюнча уруксаат кагазын тапшырды,-деди  Эсен ажы Убайлуллаев.

Быйылкы жылы Кыргызстандык ажылар ыйык Мекке шаарынын Дауар Кудей, Какия, Рия Багш, Наккаса райондорунда болуп, мейманканалардын аралыктары боюнча эң  узагы  15 чакырымды түзмөкчү. Ал эми алыскы аймактардан орун алган мейканканаларга  ыйык Харам мечитине баруу үчүн атайын автобустар ижарага алынып, алар графиктин негизинде маал-маалы менен каттап турмакчы.