Азирети Муфтий Жалал-Абаддагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жеринде жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бекиткен облустар аралык көчмө жыйындын графигине ылайык КР Жалал-Абад областтык Өкүлчүлүгүнүн аппаратынын  жыйындар залында  өткөн жыйынга катышты.

Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, областтын прокурору Айбек Турганбаев, областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, шаарлардын мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров, казыят кызматкерлери, район, шаардын баш имам хатибдери, жума мечиттин имам хатибдери, медресе мүдүрлөрү, мугалимдер, аялдар жамааты жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев аймактарды өнүктүрүү жылына карата КМДБ тарабынан атайы план-программалар иштелип чыккандыгын билдирип,  улууларды урматтоо менен улуттар арасындагы достукту бекемдөө, руханий өнүгүү, экстремизм-терроризмдин алдын-алуу, жемкорлук менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жоюу, мектеп окуучулары арасында рекетчиликтин жана өз өмүрүнө кол салуунун  токтотуу, жаштарды ыймандуулукка үндөө, үй-бүлөнү, тазалыкты сактоо, Ханафий мазхабын, Маатрудий акыйдасын жайылтуу  максатында облус аймагындагы тургундар менен коомчулук жана ар тармактын жетекчилери менен жолугушуу уюштурулуп жаткандыгын  баса белгиледи.

Ал эми  облус жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев  «КРнын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Жарлыгына ылайык жарыяланган «Аймактарды өнүктүрүү жылында» өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу гана эмес, элибиздин руханий байлыгын да өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ошого байланыштуу ыйман жана адептүүлүк, улуттар биримдигин чыңдоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ысырапкорчулукту азайтуу ж.б. терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш алып баруу керек экендигин билдирди.

Жыйындын соңунда тиешелүү суроолорго Азирети Муфтий жооп берип, имам дарга аймактарды өнүктүрүү жылына карата тапшырмаларды берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен дин өкүлдөрүн тыгыз кызматташууга үндөп, коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюуда чогуу-чаран иш алып барууга чакырды.